Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

Бейтапканада ийне сайдыргандан кийин каза тапкан кыздын өлүмү иликтенүүдө

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан ийне сайдыргандан кийин көз жумганы айтылган 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Окуя 11-сентябрда болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, өспүрүм аталган борбордун невролог дарыгеринде каттоодо туруп, дарыланып жаткан эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG