Түркмөнстандын түрдүү аймактарында нан жана ун сатып алууга кезек күткөндөр көбөйдү. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына жергиликтүүлөр бул маалыматты тастыктаган сүрөт жана видеолорду жөнөткөн.
Тасмада дүкөнгө кезек күткөн топтошкон элди көрүүгө болот. Алар нанга келгени сөздөрүнөн байкалат.
«Түркмөнстандын альтернативалык кабарлары» деп аталган эркин басылмасы да Дашогуз районунда дүкөн алдында кезек күткөндөрдүн сүрөтүн жарыялады. "Азаттыктын" ал жактагы кабарчысы дүкөнгө келгендерди күч кызматкерлери көзөмөлгө алган учурлар да болгонун маалымдады.
Жагдайдын чоо-жайына расмий түшүндүрмө бериле элек.