Жапониянын Toyota компаниясы гибрид автоунааларындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам дүйнө жүзүнө сатылган бардык машинелерди артка кайтарып аларын жарыялады. Кандай кемчилик кеткени тууралуу маалымдала элек.
Кабарларга караганда, техникалык мүчүлүштүк кыймылдаткычтын өчүп, автоунаанын токтоп калышына себеп болушу ыктымал.
Учурда 2008-жылдын октябрынан 2014-жылдын ноябрына чейин чыгарылган Prius жана Auris моделдери артка кайтарып алынды. Мүчүлүштүк бар автоунаалардын саны Жапониянын өзүндө 1,25 миллион, Түндүк Америкада 830 миң, Европада 280 миң экени айтылууда. Ошондой эле Кытай, Африка чөлкөмү жана башка мамлекеттерде да бар.
Азырынча, техникалык катачылык кайсы бир кырсыкка себеп болгон учур каттала элек.
Жакында компаниянын президенти Акио Тойода Жапониянын баш калаасында өткөргөн басма сөз жыйында керектөөчүлөрдүн ишенимин актоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын айткан.