Француз полициясы Интерполдун дайынсыз жоголгон президенти Мэн Хунвэйдин жубайынын коопсуздугун көзөмөлгө алды. Бул тууралуу "Independent" басылмасы кабарлады. Мурдараак жоголгон чиновниктин аялы да телефондон жана социалдык тармактар аркылуу коркутуулар болуп жатканын билдирген эле.
Мэн Хунвэй 29-сентябрдан бери жок экенин "Reuters" агенттигине полициядан кабарлашкан. Органга Хунвэйдин аялы кайрылып, күйөөсү Кытайга кеткенден бери байланыш үзүлгөнүн айткан.
6-октябрда Гонконгдогу басылмалар Хунвэй Кытай бийлиги тарабынан кармалган болушу мүмкүн экенин жазышты. Чоо-жайы так эмес. Франциянын "Le Monde" гезити ал Кытайдагы башкаруучу топко каршы болгондуктан камакка алынган болушу мүмкүндүгүн жазды.
Париж Хунвэйдин жагдайын сурап Бээжинге суроо-талап жөнөткөн, бирок жооп келе элек.
Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 өлкө кирет. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында.
64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун жетекчилигине 2016-жылы ноябрда шайланган. Ага чейин Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары болчу.