Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңди


Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор
Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду утту. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Таймашты белгилүү рефери Хёрб Дин тескеди.

Дагестандык (Орусия) Хабиб Нурмагомедов бул утушу менен UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамын сактап калды.

Экөөнүн мушташы UFC 229 турниринин алкагында 6-октябрда кечинде Лас-Вегаста болду. Бишкек убактысы менен 7-октябрга туш келди. АКШ менен Кыргызстанда убакыттагы айырма - 12 саат.

Эки мушкер 5-октябрда тийиштүү салмак ченемди тапшырган соң, UFC өз сайтында Хабиб – Конор мушташы эми эч тоскоолдуксуз өтөрүн маалымдаган.

Ирландиялык мушкер Конор 70,08 кг, дагестандык Хабиб 70,3 кг салмакта. Экөө тең 30 жашта.

Экөөнүн беттеши эрежесиз мушташ күйөрмандарынын көпкө күткөн таймашы катары тарыхта калды.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, баарын уткан. Конор Макгрегор 21 жолу күч сынашып, үч ирет жеңилген.

XS
SM
MD
LG