Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

"Sky News": цунамиден кийин беш миңден ашуун адам дайынсыз


Индонезия. Табият кырсыгынан кийин.
Индонезия. Табият кырсыгынан кийин.

Индонезияда цунами коштогон зилзаладан соң беш миңден ашуун адамдын дайыны чыкпай жатат. Куткаруучулар урандылардын астынан 1763 адамдын сөөгүн тапты. Издөө иштери 11-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу "Sky News" каналы кабарлады.

Телеканалдын маалыматына ылайык, бир канча район зыян тарткандыктан жоголгондорду издөө кыйынчылык жаратууда. Бийлик куткаруу иштеринде оор техникаларды пайдаланууда этият болууга чакырды. Адам сөөктөрү урандыга аралашып, ар кандай оорулар тарашы ыктымал деген кооптонуу бар.

"Reuters" агенттигинин маалыматына караганда, апаатта 66 миң имарат кыйраган.

28-сентябрда жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында жер титиреп, күчү 7,5 баллга жеткен. Артынан цунами болуп, толкундар калааны каптаган.

Расмий маалыматта айтылгандай, башка мамлекеттер кырсыктын кесепети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүдө. Ондон ашуун өлкөдөн гуманитардык жардам жүктөлгөн учактар келди.

XS
SM
MD
LG