Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Саудиялык журналист консулдуктун имаратында өлтүрүлгөнү кабарланууда


Жамал Хашогги
Жамал Хашогги

Журналист Жамал Хашогги Стамбулдагы Саудиянын башкы консулдугунда өлтүрүлдү деген кабар териштирилип жатат. Бардык камералардагы жазуулар, аэропорттордогу кирип-чыккандар текшерилип жатканын түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Ал эми "New York Times" гезити түрк полициясы консулдуктун тегерегиндеги бардык камераларды текшерип, Хашогги өз алдынча дипмиссия имаратынан чыгып кеткен эмес деген тыянакка келгенин жазууда. Ошол эле маалда консулдукка тиешелүү унаалар кирип-чыгып турган.

7-октябрда "Рейтер" агенттиги журналист Стамбулдагы Сауд Арабиянын консулдугунда өлтүрүлгөнүн, сөөгү тымызын чыгарылып кеткенин түркиялык булактарына таянып жарыялаган.

Жамал Хашогги үйлөнө турган болуп, 2-октябрда Стамбулдагы консулдукка тиешелүү документтерди алганы кирген экен. Келинчеги сыртта калып, он сааттан ашуун күткөнүн, Хашоги чыкпаганын айтууда.

Консулдуктагылар "журналист аз убакыт кеңседе болуп, кайра кеткен" деп жатышат.

Хашогги Сауд Арабия бийлигине карата сын макалалары менен белгилүү болчу. Өмүрүнө коркунуч бар экенин билдирип өткөн жылы мекенинен чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG