Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Франциялыктар Өзбекстанга визасыз кирмей болушту


Бухара шаарындагы турист-фотограф
Бухара шаарындагы турист-фотограф

5-октябрдан тарта Франциянын жарандары виза албастан Өзбекстанда 30 күн жүрө алышат. Президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү жарлыкка Парижге бараардын алдында кол койду. Мирзиёевдин Францияга визити 8-октябрда башталат.

Өзбек бийлиги муну менен эки өлкө ортосунда жагымдуу жагдай түзүүгө кызыкдар деп кабарланат. Тагыраагы, маданий, илимий кызматташтыкты арттырып, туристтердин агымына, инвестициялык кызматташтыкка жол ачууну көздөөдө.

Жергиликтүү маалымат каражаттары француз туристтеринин саны жылдан жылга артып жатканын жазышты. 2016-жылы француз туристтердин саны 4900 болсо, 2018-жылдын сегиз айында Өзбекстанга келген француздардын саны 9 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG