Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

7-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташтык, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылып жаткандыгы жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ноябрда Астана шаарында өтө турган кезектеги сессиясы тууралуу сүйлөштү.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, "өз өлкөсүнүн жана орусиялыктардын жыргалчылыгы үчүн белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады". Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. (TSh)

XS
SM
MD
LG