Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Бразилияда президенттикке 13 талапкер ат салышууда


Жаир Болсонару.
Жаир Болсонару.

Жекшембиде Бразилияда президентти, парламентти жана губернаторлорду жалпы шайлоо өттү. Мамлекет башчылыкка ат салышып жаткан 13 талапкердин арасында өлкөдөгү саясий абалга радикалдуу өзгөртүүлөрдү сунуш кылган Жаир Болсонару да бар.

63 жаштагы Болсонару - мурдагы аскер кызматкери жана оңчул консервативдүү конгрессмен. Аны элдин көбү колдоору алдын-ала божомолдонгон. Аскерлерге ыктаган Болсонарунун кумсаларды педофилдерге теңеп, аял-конгрессмендердин дарегине бейчеки сөздөрдү айткан жайы бар.

Болсонару бийликке келсе өлүм жазасын кайра киргизүүгө, коррупцияга каршы күрөштү жандантып, АКШ менен мамилени чыңдоого убада берген.

Шайлоочулардын арасында солчул "Эмгекчилдер партиясынын" талапкери Сан-Паулу Фернанду Аддаддын тарапкерлери да арбын. Саясат талдоочулар негизги күрөш ушул эки талапкердин ортосунда болорун, алар экинчи турга чыгарын айтышкан. Азырынча 7-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы белгисиз.

200 миллиондон ашуун калкы бар Бразилияда 147 миллионго жакын жаран добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG