Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Ишкерден 200 миң сом талап кылган салыкчы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда иштеген ишкер салыкчы андан 200 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган. Бул арыз боюнча Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча иш козголуп, ыкчам аракеттер көрүлгөн. Анын алкагында салык кызматкери ишкерден 80 миң сом алып жаткан маалда колго түшүрүлдү.

5-октябрда соттун чечими менен кылмышка шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG