Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кылмышка шектүү жергиликтүү депутат эл аралык издөөгө алынды


Токмок шаары.
Токмок шаары.

"Адамга бычак сайды" деп кылмыш иши козголгон Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Учурда анын кайда экени белгисиз.

26-августта Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG