Румынияда бир жыныстагылардын никесин мыйзамдаштырууга каршы референдум эл келбей койгонуна байланыштуу өтпөй калды. Алдын-ала эсептөөгө караганда, 7-октябрда өткөн добуш берүүгө шайлоого катышууга укуктуу жарандардын 20% азы гана катышкан.
Өлкөнүн Баш мыйзамында нике “эки адамдын ортосундагы өнөктөштүк” деп гана белгиленген. “Үй-бүлө үчүн коалиция” баштаган бир катар топтор муну “эркек менен аялдын ортосундагы өнөктөштүк” деп өзгөртүүнү талап кылып, үч миллион адамдын колун топтоп, маселени референдумга алып чыгышкан.
Бир катар укук коргоочулар жана Европарламенттин депутаттары демилгени катуу сынга алышкан. 2000-жылы Еврокеңеш жана Евробиримдиктин басымы менен жыныстык азчылыктарды дискриминациялоого тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анткен менен Румынияда бир жыныстагылардын никесин расмий каттоого жол берилбейт.