Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Исаковдун адвокаты Нурсулу Ахметованы суракка алууну сунуш кылды


Нурсулу Ахметова.
Нурсулу Ахметова.

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары ишти алып барып жаткан тергөөчүгө президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы суракка алууну сунуш кылып кайрылышты. Бул тууралуу Исаковдун адвокаттарынын бири Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевге “ТВЕА компаниясынын баа боюнча сунушу өзгөчө белгиленди” деген Сапар Исаковдун кызматтык каты мурунку өкмөт башчысына айып коюуга негиз болгон. Бирок ал катка Нурсулу Ахметова да кол койгон.

Адвокат анда Кытай компаниясынын кызыкчылыгын коргоо аракети болбогонун белгилеп, азыркы президенттин командасынын мүчөсү болгон Нурсулу Ахметова да суракка чакырылышы керек деп эсептейт.

Бул боюнча ишти тергеп жаткан УКМК да, Ахметованын өзү да комментарий бере элек.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет.

УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG