Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы депутат Кожобек Рыспаев фракциядан чыгарылбасын жарыялады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын өкүлү Азамат Касымбеков билдирди.
Ага чейин депутатты фракциядан чыгарууну КСДПнын саясий кеңеши сунуш кылган. 26 "каршы", төрт депутат “макул” деп добуш берген.
Быйыл 29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган. Ал фракциядан да чыгарыла турганы айтылган.
Буга депутаттын Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, партияда кала албай турганы жөнүндө айткан сөздөрү негиз болгон.
Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берген.
КСДП бул чечимин тазалануу, жаңылануу аракети катары түшүндүргөн. (TSh)