Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Бишкек ЖЭБинде атайын машыгуу өттү

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

8-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) ар кандай кырдаалга чара көрүү боюнча окуу, машыгуулар болду.

Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларын, буу казандарды оңдоо, имаратты жылуулоо иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Боронов жабдууларды башкарыш үчүн жооптуу кызматкерлердин иши менен таанышып, авария учурунда кабыл алуучу ыкчам чаралардын планы иштелип чыкты.

Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай өкмөтү 386 миллион доллар насыя берген. Бирок январь айындагы катуу суукта ишканада авария болуп, шаар тургундары дээрлик бир жума бою жылуулуксуз калган. Кийин ал насыянын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат. (TSh)

XS
SM
MD
LG