Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Петрашов жана Баудунов Жаштар олимпиадасында күмүш, коло байгеге ээ болушту


Денис Петрашов Чолпон-Ата шаарында машыгуу учурунда. 16-июль, 2016-жыл.
Денис Петрашов Чолпон-Ата шаарында машыгуу учурунда. 16-июль, 2016-жыл.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана кылыч чабышуучу (фехтование) Хасан Баудунов ушул күндөрү Аргентинанын Буенос-Айрес шаарында өтүп жаткан Жаштардын жайкы Олимп оюндарында күмүш жана коло байгеге ээ болушту.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Петрашов 7-октябрда 100 метрге брасс ыкмасы боюнча жарышка чыкты. Ал алгач тандоо жарышында 1 мүнөт 02.82 секунд көрсөткүчү менен 32 катышуучунун арасынан 8-катарда марага келди. Жалпысынан жарым финалга 16 спортчу тандалды. Жарым финалдык жарышта кыргызстандык спортчу тандоо жарышындагы көрсөткүчүн жакшыртып (1.01.95),16 спортчунун арасынан 3-катарга жайгашты.

8-октябрда болгон финалдык бөлүктө 100 метр аралыкты 1 мүнөт 01.34 секунд убакытта багындырып, экинчи орунду ээлеп күмүш медаль тагынды. Бул жарышта алтын медалды кытайлык Сун Жиажун (1.00.59), коло байгени жапониялык Танигучи таку алды (1.01.40).

Петрашовдун алган байгеси менен Кыргызстандын эсебине Буенос-Айресте өтүп жаткан жаштардын III жайкы Олимп оюндарында эки байге чогулду. 7-октябрда кылыч чабышуудан (фехтование) Хасан Баудунов коло байге алды. Ал эркектер арасында жеке таймашта алгач чейрек финалда жапониялык Асами Сейяны (15:9) жеңип, жарым финалда германиялык Велтруп Паулдан утулган (12:15). 3-орун үчүн таймашта египеттик Ельсайед Мохамедди жеңип коло байге алды.

6-октябрда башталган Жаштардын III жайкы Олимп оюндары 18-октябрга чейин уланат. Ага 206 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 32 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрүнөн мөөрөй талашат. (ECh)

XS
SM
MD
LG