Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Бурулайды ала качкан жигит сотто күнөөсүн моюнуна алган жок


Бурулайдын тажиясынан тартылган сүрөт.
Бурулайдын тажиясынан тартылган сүрөт.

Ала качууга туш болуп, милиция имаратынан каза болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот уланууда.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жаткан жараянда маркумдун жакындарынын адвокаты Есения Рамазанова материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн 2 миллион сом доо коюп жатканын билдирди.

Ал эми Бурулайдын өлүмүнө шектүү катары аны ала качкан Марсбек Бөдөшев жана досу Акмат Сеитов айыпталууда. Бүгүнкү жыйын жүрүшүндө Бөдөшев Бурулайды ала качуу боюнча күнөөнү моюнга алганы менен аны өлтүрбөгөнүн билдирди.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө кол салганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери тартиптик жазага тартылып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG