Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Министрлик: Боз үйдө окуган окуучулардын маселеси чечилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы боз үйдө билим алып жаткан окуучулар мектеп имаратына которулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-октябрдан баштап айылдагы Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектептин 2010-жылы салынган имаратында жогорку жана башталгыч класстын балдары кезек менен окуй баштайт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик окуучуларды мектепке жеткирип, кайра алып кетүүнү уюштурат.

Сентябрь айынан бери Кызыл-Өзгөрүш айылындагы башталгыч класстардын 300дөй окуучусу боз үйлөрдө билим алып жаткан. Мектептин жаңы имараты 2010-жылы 120 орундуу болуп курулуп, бирок 600дөн ашык окуучуга тартыш болуп калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG