Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:45

Аманкулов: Үлүшчүлөрдүн маселеси чечилбесе кесепети оор болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-октябрда парламенттеги комитет жыйынында КСПД фракциясынын депутаты Марат Аманкулов турак жай курулушундагы үлүшчүлөр туш болгон маселени өкмөт карабай жатканын айтып, кескин сындады.

- Азыр өкмөт бул маселени чечпесе социалдык чыңалууга алып келет. Бир күнү алдамчы компаниялардын айынан мамлекеттик бюджеттен акча кетирип, маселени чечүүгө туура келет. Өкмөттүн мекеме аралык комиссия түзгөнүнө жарым жыл болду. Андан дайын жок, – деди депутат.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова үлүшчүлөрдү коргош үчүн мыйзам иштелип чыгышы керек экенин билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Жениш Разаков бул маселени көзөмөлгө алууга убада берди.

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш компанияларына акчасын алдын-ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат. “Азаттык” радиосу да бул маселе боюнча "Турак жай курулушундагы "афера" деп аталган иликтөө даярдаган. (TSh)

Турак жай курулушундагы “афера”
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:04 0:00

XS
SM
MD
LG