Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:11

Москвада полиция жума намаз учурунда адамдарды кайра кармай баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада бир нече жылдан берки тыныгуудан кийин эмгек мигранттарын “жума күндөрү кармоо” жараяны башталды. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалы кабарлады. Рейд өткөн аптада башталган.

Маалыматтарга караганда, мечитке келген кишилер жапырт кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилип жатат. Юристтер кармоо мыйзамсыз экенин билдиришүүдө.

Кармалгандардын бири – Рустам кол коюу үчүн эч кандай документ, протокол берилбегенин айтты. Аны бир нече саат бою полиция автобусунда кармашып, андан соң бөлүмгө алып келишип, сүрөткө тартып, бармак издерин алып, кийин коё беришкен.

Көп жылдан бери полиция жума күндөрү мечит алдында эмгек мигранттарын жапырт кармоону токтоткон. Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы менен ИИМинин жашыруун макулдашуусуна ылайык, жума күндөрү полиция кызматкерлери мигранттарга тийбей калган. Диний ишмерлердин пикиринде, бул биринчи кезекте тартип сакчылары үчүн керек болгон. Жума күндөрү рейддерден баш тартуу “мусулмандар арасында орус полициясынын жакшы образын” жаратууга жардам берген.

Юристтер бул сыяктуу иш-чаралар мигранттардын чынында ким экенин аныкташ үчүн жүргүзүлүп жатат деп эсептешет.

Текшерүү үчүн дактилоскопия (бармак издерин алуу) керек. Алар атайын маалымат базасында салыштырылат. Юристтер бул текшерүүлөр мыйзамга каршы келерин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG