Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Жыл башынан бери ички дүң өндүрүм 368 млрд. сомду түздү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери ички дүң өнүм (ИДӨ) 368 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 1,2% пайыз жогору. ИДӨнүн 45% тейлөө, 19% өнөр жай, 13% айыл чарба, 7% курулуш тармактары түздү.

Буга чейин финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев Кыргызстандын 2018-жылга карата ички дүң өнүмү болжолдонгондой 3,7% жетпей калганын, болгону 2,8% экенин айткан. Бакетаев мунун себебин азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG