Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Ала-Бука: Атасынын өлүмүнө шектүү бала окуянын себебин айтып берди


Көрүстөн
Көрүстөн

Ала-Бука районунун Достук айылынын 49 жаштагы тургуну Садыкжан Тургуновдун өлүмүнө шектүү катары анын 19 жаштагы уулу кармалды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" берген маалыматта окуя 4-октябрда болгону айтылат.

Алгач шектүү адам атасы өз ажалынан өлгөнүн билдирип, айылдаштары менен бирге маркумду жерге беришкен. Бирок милиция ыкчам маалыматтардын негизинде Тургунов киши колдуу болгонун аныктап, кылмыш ишин козгогон.

Шектүү жигит 8-октябрда камакка алынды. Ал өз көрсөтмөсүндө атасы мас абалда үйдө жаңжал салып, уруша кеткендиктен ачууланып, бычак көтөргөнүн айтып берди.

Учурда тергөөнүн алкагында маркумдун сөөгү эксгумацияланып жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG