Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Нарында бир жыл мурда жоголгон токойчу кайра изделе баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында бир жылдан бери дайыны табылбай жаткан токойчуну издөө иштери кайра башталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 3-октябрында Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде 45 жаштагы токойчу дайынсыз жоголгон.

Издөө иштери быйыл 18-майга чейин жүргүзүлүп, туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде токтотулган.

XS
SM
MD
LG