Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Султан Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди


Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу.
Султан Жумагуловду акыркы сапарга узатуу.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү.

Султан Жумагулов 59 жашында көз жумду. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн.

Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал болчу. Былтыртан бери министрлик кызматты аркалап келе жаткан. (ECh)

XS
SM
MD
LG