Кыргызстанда психикалык жактан жабыркап, расмий каттоодо тургандардын жалпы саны 53 миңден ашат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык психикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун директору Ураимжан Исмаилов маалымдады.
Ал расмий эмес эсеп мындан көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
- Бул расмий гана сандар, бирок катталбаган адамдарды болжол менен калктын 20 пайызы деп эсептеп жатабыз. Башкача айтканда, 53 миңден ашуун адамды 7-8 эсе көбөйткөнгө барабар, - деди Исмаилов.
Өлкөдө психикалык саламаттыкты дарылаган адистер жетишсиз. 6 миллиондон ашуун элге 145 психиатр гана бар. Ал эми жалпы өлкө боюнча балдардын адистешкен 6 психиатры гана иштеп жатат. (BCh\ErN)