Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Казакстандын тоок этине Кыргызстан чектөө киргизгенин Астана "мыйзамсыз" деп эсептейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизгенин "мыйзамсыз" деп баалады. Бул тууралуу анын сайтында жазылды.

Казак тараптын жүйөсүндө Алматы облусунда акыркы он жылда куш тумоосу катталган эмес. Ал эми "Ньюкасл" аттуу ылаңга байланыштуу Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районундагы карантин ушул жылдын 19-сентябрында алынып салынган.

Ошол себептүү Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын Казакстандан тоок этин ташып келүүгө тыюу салышын укуктук жактан туура эмес деп эсептейт. Бул боюнча кат Кыргызстандын тиешелүү мекемесине жөнөтүлгөн.

9-октябрда Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG