Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Мигранттардын кесиптик кошууну түзүлүүдө


Кыргызстанда чет жакта жүргөн кыргыз мигранттарынын укугун коргоону максат кылган “Мигранттардын кесиптик бирлиги” түзүлүүдө. Коомдук негизде уюшулуп жаткан бул кошуун азырынча Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтө элек, жер-жерлерде маалымдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна «Инсан Лейлек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева билдирди. Ал өз укугун билбеген көпчүлүк мигранттар эмгек акысын ала албай, оор шартта көп сааттык убакыт менен иштөөгө мажбур экенин белгиледи:

- Мигранттын укугун бир жагынан жумуш берүүчү бузса, экинчи жагынан документ текшерген полиция кызматкерлери жана аларга жасалма документ жасап берип койгон шылуундар бузуп жатат. Башына мүшкүл түшкөн мигрант кимге барып арызданаарын билбейт. Эми кесиптик кошуун түзүлсө, алар өз укуктарын коргой алышат.

Дербишева учурда мигранттардын кесиптик кошуунун түзүү демилгеси Кыргызстандын түштүк аймагында талкууланып жатканын айтты. Долбоор Баткен, Жалал-Абад облустарында жана 10-октябрь күнү Ош облусунда мигранттардын катышуусунда талкууланды.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты жүз миңден ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Алардын дээрлик 90% Орусия, Казакстанда. (MdN)

XS
SM
MD
LG