Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Орусияда эки футболчу жазага тартылышы мүмкүн


Орусиялык футболчулар Александр Кокорин менен Павел Мамаев (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Орусиялык футболчулар Александр Кокорин менен Павел Мамаев (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Орусиялык футболчулар Александр Кокорин менен Павел Мамаев ойногон клубдарынан чыгарылып, ал тургай беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Спортчулар 8-октябрда мас абалында эки жолу жаңжал чыгарып, жанындагыларды уруп-сабап жиберишкен. Бул окуялар боюнча полиция кылмыш ишин козгоду.

Шейшембиде эки футболчу ойногон клубдар билдирүү таратышты. «Зенит» чабуулчу Кокорин менен келишимди үзүү тууралуу чечим кабыл алууну тергөө иши аяктамайынча күтө турарын билдирсе, "Краснодар" клубу Павел Мамаев менен дароо эле контрактты үзөрүн маалымдады.

Бул Кокорин менен Мамаев катышкан биринчи чуулгандуу окуя эмес. 2016-жылы Орусиянын курама командасы Европа чемпионатында утулуп калышкан соң алар Монакодо банкет уюштуруп, чуу салышканы белгилүү. Ал окуядан кийин футболчулар жүрүм-туруму үчүн кечирим суроого аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG