"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселеси тууралуу пикирин айтты:
- Ушул норманы алып салууга бүгүнкү президент кызыгабы же жокпу? Кеп ушунда болуп жатат. Ошон үчүн өзүнүн тили менен эмес, Коопсуздук кеңешинин катчысынын тили менен сүйлөтүп жатат. Коопсуздук кеңешинин катчысы жогорку жактан ишарат болбосо бул маселеге кийлигишпейт. Демек бул айттыбы? Кимдин үнү, тили болуп жатат? Себеби, "эртең эмне болуп кетем" деген титирек басып турган учуру. "Мен өзүм эмне болом?" деген маселе бар.
3-октябрда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга каршы келет деп таап, бирок анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди.
Башкача айтканда, Токтакунов өз кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнсө, Конституциялык палата "кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын" деген мааниде бүтүм чыгарды.
Мындай чечимге юрист өзү "жоктон көрө жогору" деген баа берди. Буга чейин Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп табууну өтүнүп кайрылган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышты.
Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кылдат мамилени талап кылган бул маселе жалпы элдик референдумга коюлса туура болот деген пикирин билдирген. (TSh)