Түркмөнстанда 1-октябрдан тартып почта кызматы үчүн акы болжол менен 60 пайызга көтөрүлдү.
«Почта аркылуу жүк жөнөтүүнүн тарифи кымбаттады. Эгер жакында эле 20 килограммдык жүктү Орусияга жөнөтүш үчүн 500 манат төлөнсө, эми бир килограмм жүктүн баасы 145, андан кийинки ар бир килограммы 35 манаттан эсептелип калды. Украинага мурда 20 килограмм жүк жөнөтүүнүн баасы 600 манат болсо, азыр 994, АКШга 700 манат болсо, азыр 850 манат болуп калды», - деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматы.
Түркмөнстандын Борбордук банкы доллардын курсун 3,5 манатка баалаган. Бирок көмүскө базарда иштегендер 1 долларын 20,5-21 манаттан сатып алышууда.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, бул быйыл өлкөдө почта кызматтарынын акысынын экинчи жолу кымбатташы. Буга чейин тарифтер январь айында кымбаттаган. Бирок эл бул тууралуу мурдагыдай эле жүгүн жөнөтүп жатканда гана билген.
Түркмөнстанда башка өлкөлөргө жүк жиберүүдө бир нече талаптар жана чектөөлөр бар. Алсак, жүктүн салмагы 20 килограммдан ашпашы керек жана тиешелүү органдардын текшерүүсү үчүн анын оозу тигилип же бекем жабылбашы зарыл.