Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Тажикстандагы коомдук бирикмелер каржы отчётун тапшырып турууга милдеттендирилди


Тажик парламенти.
Тажик парламенти.

10-октябрда тажик парламентинин төмөнкү палатасы «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Ага ылайык, өлкөдөгү бардык коомдук бирикмелер чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдардан алган каражаттары тууралуу мамлекеттик органдарга отчёт берип турушу керек.

Маалыматка караганда, коомдук бирикмелер Юстиция министрлигине отчёт берип, кийин алар Улуттук банкка жөнөтүлөт. Мындан тышкары, алардын ар биринин Интернетте веб-сайттары болушу керек деген талап коюлду.

Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Хамидулло Машрабзоданын айтымында, тиешелүү өзгөтүүлөр Кылмыштуу жол менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөш чараларын иштеп чыгуу тобунун (Financial Action Task Force on Money Laundering (FATF) сунуштарынын негизинде киргизилген.

«Бардык коомдук бирикмелер жылына бир жолу өзүнүн сайтына каржы отчетун жарыялап турушу керек. Ошол эле отчёт уюмду каттоого алган органга берилет. Өз кезегинде ал орган отчётту карап чыккандан кийин Улуттук банкка жөнөтөт», - деди Хамидулло Машрабзода.

«Жарандык эркиндик кеңсеси» аттуу коомдук бирикменин өкүлү Дилафруз Самадова мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү коомдук уюмдардын ишине кийлигишүү катары эсептөөгө болбой турганын билдирди.

Анын айтымында, дээрлик бардык коомдук бирикмелер, анын ичинде «Жарандык эркиндик кеңсеси» дагы гранттары жана долбоорлору тууралуу дайыма өз сайттарына отчетторун жарыялап келишет. «Биз буга чейин деле Юстиция министрлиги менен Салык комитетине каржы отчетун тапшырып келгенбиз — бул адаттагыдай эле көрүнүш», - деди ал.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы коомдук бирикмелердин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн Тажикстанга чет өлкөлөрдөн 854 миллион 117 миң сомони (100 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө грант келген.

XS
SM
MD
LG