Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Чүйдө курал-жарак катылган жай табылды


Чүйдүн Озерное айылынан табылган мыйзамсыз курал-жарак.
Чүйдүн Озерное айылынан табылган мыйзамсыз курал-жарак.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды. Бул тууралуу маалымат аталган мекемеден алынды.

Жашыруун жайдан “Макаров” тапанчасы, номерлери өчүрүлгөн ИЖ травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор алынды. Соттук экспертиза курал-жарак жана ок-дары жарактуу экенин айтып чыкты.

Чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жиберилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG