Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Депутат «Коопсуз шаарды» үзгүлтүккө учураткандарды жоопко тартууну талап кылды


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерлердин үзгүлтүккө учурап жатышынын себептерин иликтеп чыгып, жооптууларды жазага тартышы керек. Бүгүн, 11-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Алтынбек Сулайманов ушундай талап койду.

Депутат бул сыяктуу долбоорду коңшу өлкөлөр ийгиликтүү ишке ашырып, айрым республикалар чет өлкөлүк компанияларга өткөрүп берип, жакшы үзүрүн көрүп жатышканын эске салды.

Алты жылдан бери ара жолдо башы ачылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорун кезектеги чыр тооруп турат. Бул ирет долбоорду ишке ашырууда жооптуу орган болгон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия кабыл алган чечимге каршы Бишкектин район аралык сотуна кайрылды.

Өткөн аптада бул комиссия буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык "Вега" концерни тууралуу "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети "Вега" концерни мыйзамдуу тандалган деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG