Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун саны эки миңге жакын


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) дипломатиялык паспорттор жөнүндө кийинки убакта чыккан талаш-тартыштарга байланыштуу түшүндүрмө таратып, мындай документтердин саны тууралуу маалымат берди.

Расмий билдирүүгө караганда, учурда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык паспорт (жалпы 1894) пайдаланылат. Алардын ичинен 647 дипломатиялык жана 161 кызматтык документ ТИМдин борбордук аппаратынын, элчиликтердин, консулдуктардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген.

ТИМ ырастагандай, калган документтер өкмөттүн атайын токтомунда (2011-жылдын 12-июлунда кабыл алынган № 384 токтом) бекитилген башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине берилген. Мекеме ал органдарды өкмөттүн сайтындагы токтомдон көрсө болорун белгиледи.

Тышкы иштер мекемеси аталган эки паспорт ээлеген кызматына карата берилерин жана кызматтык сапарлар үчүн гана колдонулушу керек экенин билдирет. Андай болбогон учурда ошол кызматкер өзү жана анын жетекчилиги жооптуу болот. Ошондой эле паспортторду пайдалануунун эрежелерин сактабаган адамдар мыйзамдык жоопкерчиликке тартылат. Ага карабай ТИМ премьер-министрдин тапшырмасы менен аталган документтерди туура эмес максатта колдонгондорду аныктоонун үстүндө иштеп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан дипломатиялык жана кызматтык паспорттор туура эмес колдонулуп жатканын сынга алып чыккан. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Буга байланыштуу Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганы аныктаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG