Элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы" долбоору үзгүлтүккө учураганы калды. Бул тууралуу бүгүн парламентте айрым депутаттар айтып чыгышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутат Каныбек Иманалиев буга чейин каржыланган 14 млрд. сомдук иш токтоп калганы жатканын, жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадр да иш таштоо алдында экенин билдирди. Ошону менен катар ал эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Депутат Үмбөталы Кыдыралиев да “Ала-Тоо булагынын” Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында ишке ашырып жаткан долбооруна карата жергиликтүү тургундардан көптөгөн нааразы пикирлер айтылып жатканын билдирди.
Буга чейин "Таза суу" долбоору үчүн эл аралык донорлор миллиондогон каражаттарды бергени менен жасалган иштер күтүлгөндөй жыйынтык алып келген эмес. Долбоор 2001-жылы башталып, аны Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк каржылап, 70 миллион доллар бөлүнгөн.
Быйыл январь айынан тартып "Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырыла баштады. Аны Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылоодо.
"Ала-Тоо булагы" жана расмий органдар азырынча жогоруда сөз болгон дооматтарга жооп бере элек. (RK)