Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Ноокатта таяк жеп каза болгон адамдын жакындары сотторго каршы митингге чыгышты


Митинг убагында тартылган сүрөт.
Митинг убагында тартылган сүрөт.

Ноокат районунда сабалып өлтүрүлгөн Ахмадилла Абдыкадыровдун жакындары, 50дөн ашык адам райондук соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар иштин калыс каралбай, соттук отурумдар кечеңдеп жатканын айтып нааразы болушууда.

Митингдин жүрүшүнөн журналисттер “Фейсбуктагы” түз алып берген видеодо чогулгандар колдоруна плакаттарды кармап турганы, ураандарды кыйкырып жатканы көрүнүп турат. Алар соттун имаратына кирип барып, бир катар сотторго ишти тездетүүнү талап кылып жатышат.

Быйыл 30-мартта 32 жаштагы Ахмадилла Абдыкадыров коңшулаш Бостон айылындагы 17 жаштагы кызга барып, таяк жеп өлгөнү такталган. Абдыкадыров өзү үй-бүлөлүү, үч баласы бар экени кабарланган.

Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, 10 адамды кармап, бешөөнө издөө жарыялаган. Кийин иш сотко өтүп, карала баштаган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG