Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 5 күндүн ичинде кызматынан кетет. "France24" телеканалы менен маектешип жатып ал ушундай убада берди.
- Шайлоо бир нече күн ашык-кеми менен 9-10-декабрларда өтөт деп алдын-ала айта алам. Ошого байланыштуу мен 16-октябрга чейин кызматтан кетишим керек, - деди ал.
Никол Пашинян өзү башында турган "баркыт ыңкылабынан" кийин бийлик толук жаңыланышы үчүн кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл экенин айтып жүргөн. Буга мурдагы президент Серж Саргсяндын парламентте көпчүлүктү түзгөн Армения республикалык партиясы каршы болуп келатат. Ошентсе да фракциянын айрым депутаттары кайрадан азыркы бийликти колдой башташты.