Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Румынияда пенсия эки эсе көтөрүлөт


Румыниялык пенсионерлер.
Румыниялык пенсионерлер.

Румыния өкмөтү төрт жыл ичинде пенсияны эки эсе көтөрүүнү көздөп жатат. 10-октябрда кабыл алынган планга ылайык, 2022-жылы карылар үчүн бөлүнгөн каражат 142 млрд. лей же 35 млрд. долларга барабар болушу керек.

Ушул тапта пенсия үчүн жылына 62 млрд. лей бөлүнөт. Орточо пенсия 1100 лей же 273 евро. Бул Евробиримдиктеги эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири.

Өлкөнүн эмгек министри Ольгута Василеску экономикалык өсүш каржылоону көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирүүдө. Былтыр румын экономикасы 6,9% өсүп, өзү үчүн рекорд койгон.

XS
SM
MD
LG