Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев бул кызматка кайрадан дайындалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Исаевди дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
11-октябрда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Талантбек Исаевди башкармалыктын өздүк жамаатына тааныштырды.
Талантбек Исаев бул кызматты 2014-жылдан 2017-жылга чейин жетектеп келген. Былтыр анын бир тууган иниси Канатбек Исаев камакка алынгандан кийин кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен өткөн жылы камакка алынып, быйыл кайра акталып чыккан. (ErN)