Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Пакистан 12 миллиард доллар жардамга муктаж


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистан өкмөтү кризистен чыгыш үчүн сырттан 12 миллиард доллар каржылык жардам алууну көздөп жатат. 10-октябрдагы телекайрылуусунда өкмөт башчы Имран Хан Сауд Арабиясынан, Кытайдан жана Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) насыя сурай турганын билдирди.

- Ушул тапта жана алдыдагы күндөрү насыяны төлөөгө жетиштүү акчабыз жок. Мурда алынган насыяны төлөөгө жана четтен товар сатып алууга каражат зарыл. Маселе 10-12 миллиард долларга барып такалат. Биз муну эки жол менен ишке ашырсак болот, биринчи жол – өнөктөштөрүбүзгө кайрылып, алардан насыя сурашыбыз керек. Башка жолу – Эл аралык Валюта Фонду. Биз талкуулап отуруп, эки жол менен барууну туура көрдүк, - деди ал.

Мурдагы крикет оюнчусу Имран Хан баштаган партия парламенттик шайлоону жеңип, июлдан бери бийликти колго алган. Хан бюджеттеги 18 млрд. доллар тартыштыкты “мурдагы өкмөттүн мурасы” деп сыпаттады.

Имран Хан элди дүрбөлөңгө түшпөй турууга үндөп, жакын арада кырдаалдан чыгарууга убада берүүдө.

XS
SM
MD
LG