Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

ӨКМ: Үшүк жүрөт


Бишкек.
Бишкек.

12-октябрдан тартып Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде температура 0…-2° болот.

13-14-октябрда аба ырайы туруксуз болот, маал-маалы менен жаан жаап, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга өтөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай аба ырайы автоунаа каттамын, энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодо мал багууну кыйынчылыкка учуратат.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрөт.

XS
SM
MD
LG