Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

12-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Таласта жана Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, тоолуу жерлерде 0...-2 (үшүк), күндүз 12...17,

Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...19,

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус болот.

XS
SM
MD
LG