Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Помпео: Иран кетпесе Сирия бир доллар да албайт


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сириядан Ирандын жана Тегеран колдогон өлкөлөрдүн күчтөрү чыгып кетмейинче расмий Дамаскка жардам берилбей турганын билдирди.

- Эгер Сирия Иран колдогон аскерлердин толук чыгып кетишин камсыз кыла албаса, анда калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттардан бир доллар да ала албайт, - деди Помпео 10-октябрда.

Иран жана Орусия Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келди. АКШ баштаган коалиция анын оппозициясына жан тартат. Кошмо Штаттар "аймактагы террордук топторду колдойт, коңшуларын опузалап келет" деп Иранга айып такса, Тегеран андай кинелерди четке кагууда.

2011-жылы башталган Сириядагы жарандык согуш өкмөттүк армия оппозиция ээлеп турган жерлерди бошоткон соң, эл аралык күчтөрдүн жардамы менен “Ислам мамлекети” террор тобу сүрүлгөндөн кийин басаңдады.

Башар Асад өз өлкөсүн калыбына келтириш үчүн 400 млрд. доллар керек экенин айтканы бар. "World Vision" уюмунун эсебинде, урандыга айланган өлкөнүн негизги бөлүгүн кайра курууга 1,3 трлн. доллар талап кылынат.

XS
SM
MD
LG