Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мыйзамсыздык үчүн элчи Султанды айыптады


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Корутунду президенттин кароосуна киргизилди. Анда айтылгандай, текшерүү учурунда элчинин билдирүүсүндө жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жүйөлөрүндө жана маалымат каражаттарында чагылдырылган ТИМдин системасындагы мыйзам бузуу орун алганы аныкталды.

Ошол эле учурда изилдөөдө Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы аныкталган. Аталган кызматтан бошотулгандан кийин да Кылычбек Султан өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн “аккредитациялык карточкасын” өткөрүп бербегени да белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелери айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ошондой эле Кылычбек Султанды мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда “Супер”, “Супер кроссворддор”, “Супер сканворддор” гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгонун да сынга алган. Катчылык бул фактыларга укуктук баа бериш үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү.

Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Анын билдирүүлөрүн текшерүүнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG