Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооган чек арачыларына "Талибан" кайрадан кол салды


Кундуз.
Кундуз.

Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан чек арадагы коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 15 кызматкери мерт болду. Дагы 13 чек арачы жарадар болгону кабарланууда. Кол салуу өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз вилаетинде, көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон.

Ал арада Ооганстандын атайын кызматы абадан сокку уруп, Вардак вилаетинде кеминде 21 талибди, арасында улук командирлерин өлтүргөнүн билдирди. Алар 20-октябрдагы парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында план түзүш үчүн чогулушканы айтылууда.

Акыркы айларда “Талибан” кыймылы ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөттүк мекемелерге каршы чабуулун күчөттү. Кыймыл шайлоону “америкалыктардын кутуму” деп баалап, ага жол бербеш үчүн колунан келгендин баарын кыла турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG