Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Ошто кызын тушап салган кишиге кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто кызынын буттарын чынжыр менен байлап койгон жергиликтүү тургунга карата Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-октябрда Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу жарандардан билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барган ыкчам тергѳѳ тобу чынында эле 9 жаштагы кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экенин кѳргѳн. Милиция кызматкерлери тактоо үчүн наристени тергѳѳ кызматына алып келишкен.

Кыздын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда аны атасы шоктонгону үчүн эки бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон. Ал эми атасы болсо кызынын ѳзгѳчѳ шоктугу жана кѳчѳгѳ кѳп чыга бергени үчүн биринчи ирет эле коркутуп коюу максатында ушундай ишке барганын айтты.

Алгачкы тергѳѳнүн жүрүшүндѳ маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны кыз оңой чыгарып алган. Экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албай жүргѳн. Учурда ар тараптуу иликтѳѳ, тергѳѳ иштери улантылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG