Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

Орусияда ишин тапшырган губернаторлор онго жетти


Курск облусунун губернатору Александр Михайлов президент Владимир Путин менен жолугушкан учур.
Курск облусунун губернатору Александр Михайлов президент Владимир Путин менен жолугушкан учур.

11-октябрда Орусиянын Курск облусунун, Забайкальский крайынын жана Башкортстан Республикасынын башчылары кызматтан кетүүгө арыз беришти.

Ушуну менен бир айдан ашуун убакыт ичинде онунчу аймактык жетекчи кызматтан кеткени турат. Президент Владимир Путин Астрахань, Санкт-Петербург, Липецк, Курган, Сахалин облустарынын, Приморский крайы менен Кабардино-Балкария республикасынын жетекчилерин алмаштырды.

Быйыл сентябрдагы губернаторлорду шайлоодо Кремль колдогон талапкерлер Хабаровск крайы менен Владимирск облусунда утулуп калышкан. Ал эми Хакасияда экинчи айлампа өткөнү турат. Приморскиде талаштуу жыйынтыктан кийин шайлоо жокко чыгарылган.

Мындай жыйынтык элдин пенсия курагын көтөрүү боюнча чечимге каршы нааразылыгы күчөп турган учурда чыкты.

XS
SM
MD
LG