Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Француз тилдүү өлкөлөр Арменияга чогулду


Франкофония саммити. 11-октябрь, 2018-жыл.
Франкофония саммити. 11-октябрь, 2018-жыл.

11-октябрда Армения борбору Ереванда эл аралык 17-Франкофония саммити башталды. 84 өлкөнүн жарымынын делегациясын өкмөт башчылары же президенттер баштап келишти.

Бул жылдагы башкы тема - дүйнөдө француз тилин жайылтуу жана Африкадагы француз тилинде сүйлөгөн өлкөлөргө көмөк көрсөтүү.

Алгачкы күнү сөз алган Франция президенти Эммануэл Макрон француз тилинде сүйлөй алгандар ар башка өлкөдө, ар башка улутта жана диний ишенимде болгонуна карабай бир үй-бүлө экенин белгиледи. Ал эми Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо “француз тилинин жардамы менен биздин өлкөлөр өнүгүп, бири-бирин түшүнө алат” деди.

Франкофония - француз тили кеңири жайылган өлкөлөрдүн кызматташтыгы. Саммит 1986-жылдан бери өткөрүлүп келет. Армения франкофониялык клубга кирген жалгыз постсоветтик өлкө. Француз тили өлкөдөгү үчүнчү популярдуу тил.

XS
SM
MD
LG