Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Орус футболчулары Кокорин менен Мамаев камакта калды


Окуя болгон жерден видеокамерага тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден видеокамерага тартылган сүрөт.

Москванын Тверь райондук соту Орусиянын футбол боюнча курама командасынын мүчөлөрү Александр Кокорин менен Павел Мамаевди 8-декабрга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Бул тууралуу 10-октябрда “Интерфакс” жазып чыкты. Аларга "баш калаанын борборунда аткаминерди сабаган" деген кине коюлуп жатат. Футболчулар менен кошо мушташка катышканы кабарланган Кокориндин бир тууганы Кирилл да камакка алынды.

8-октябрдын таңында Москвадагы кафелердин биринде футболчулар Александр Кокорин, Павел Мамаев жана алардын жанындагы бири нече киши Өндүрүш жана соода министрлигинин автоунаа чыгаруу тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген Денис Пак менен Сергей Гайсинди сабашкан. Ошондой эле “Биринчи каналдын” алып баруучусу Ольга Ушакованын машинесин сүзүп алып, автоунаадан чыга калган айдоочусун токмоктошкон.

Шаршембиде кармалган Кокорин жана Мамаев сурак берип, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалган. Футболчулар күнөөсү далилденсе, жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда.

"Газета.ру" Кирилл Кокорин жарым жыл мурда жогорку окуу жайынан айдалганын жазды. 2018-жылдан бери анын наамына 60 айып жазылган, анын көпчүлүгү автоунаа ылдамдыгына байланыштуу болгон. Жалпы айыптын суммасы 120 миң рублга жеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG